Депутаттар Мадумаров менен Масалиев сурактан чыгышты
RU

Депутаттар Мадумаров менен Масалиев сурактан чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Башкы прокуратурага сурак берип чыгышты. Мадумаровдун сурагы түштөн кийин кайра уланат.

Мадумаров 17-январда ортодо тыныгуу менен бир күн кечке сурак берген. Ал 14-январда дагы суракта болгон. Масалиев өз каалоосу менен сурак бергени белгилүү болду.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Ал соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет.

Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" билдирген.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине диплому боюнча 14-январда сурак берип чыккан.

Булак: Азаттык радиосу

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5209