Бишкекте боз үйгө арналган мультимедиялык көргөзмө өтөт
RU

Бишкекте боз үйгө арналган мультимедиялык көргөзмө өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Куттуу боз-үй. Юрта благодатная. The Blessing Yurt" мультимедиялык көргөзмө Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтөт. Бул тууралуу редакцияга келген пресс-релизде жазылган.

Сүрөтчү Алтынай Осмоева, кыргыздын касиеттүү боз үйүнүн түзүлүшүнөн, каада-салт сактаган салттуу маанилеринен эргүү алып, жаратмандык көз карашын, заманбап искусство жана дизайн аркылуу коомчулукка тартуулайт. Сүрөтчүнү шыктандырган боз үйдүн көрктүүлүгү, түзүлүшү жана философиясы кийизден жасалган заманбап искусство объектилеринде көрсөтүлөт. Сүрөтчүнүн көрүүчүлөргө арнаган жаратмандык көз карашындагы чыгармачыл "Алачык" ,"Кут", "Бата" инсталляциялары кыргыз элибизге таандык каада салттар жана инновациянын байланышын түшүндүрөт. Көргөзмөнүн визуалдык катарын жарык жана үн орнотуулары, фотосүрөттөр, видеотасмалар толуктайт.

Көргөзмөнүн ачылышы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 11-декабрда, саат 14:00 дө ачылат. Маданияттын, искусствонун жана билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жана жаштардын катышуусунда "Боз үй - ... булагы" темасында талкуу саат 15:00 дон 17:00 го чейин болот.

Талкуулоодо маданий каада-салттарды сактоо жана анын өнүгүшү, мурастарды чагылдырган заманбап искусствону өнүктүрүү, жалпы коомдун маданий агартуу маселелери коюлат. Ошондой эле, глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы салттуу маданий баалуулуктардын жана кыргыз элинин каада салт эрежелеринин нормаларынын бүгүнкү күндөгү зор маанилүүлүгү каралат. Бул көргөзмөнү талкулоо – аянтчадагы коруучүүлөрдүн ой жугуртуусу менен сүрөтчүнүн биргелешкен оюн чагылдыруу.

Боз үй үй-бүлөлөнүн, кыргыз улутунун жана Кыргызстандагы жалпы элинин биримдигин билдирет. Чексиз ааламда бизди жалпы түндүк бириктирип турат! Маданий мурас өткөн доорго гана эмес, биздин бүгүнкүбүзгө, эртенкибизге да таандык. Бүгүнкү чындыкты чагылдырган заманбап искусство коомдук өнүгүүнүн маданий баалуулугу жана керектүү элементи болуп саналат. Көргөзмөдө көрүүчүлөр өздөрү үчүн кандайдыр бир жаңы нерсени ача алышат деп үмүттөнөм" – дейт Алтынай Осмоева.

Долбоордун серепчилери/кенешчилери: Динара Чочунбаева, Эльмира Ногойбаева, Жылкычы Жакыпов, Эмиль Тилеков, Элери Битикчи.

Көргөзмөнүн куратору : Чолпон Тентиева.

Көргөзмө Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде 11 декабрдан 25 декабрга чейин өтөт, андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл музейлеринде уланат.

"Куттуу боз үй. Юрта благодатная.The Blessing Yurt" көргөзмөсү "2020-жылдагы искусство чөйрөсүндөгү стипендия" демилгесинин негизинде "Сорос-Кыргызстан" Фондунун колдоосу менен уюштурулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/52