Айыл чарба тармагына кошкон салымы үчүн өндүрүүчүөр сыйланды
RU

Айыл чарба тармагына кошкон салымы үчүн өндүрүүчүөр сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-декабрда, республиканын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Сыйлык тапшыруу аземи кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө жана Мамлекеттик айыл чарба кызматынын түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгына карата уюштурулган.

Айыл чарба министрлигинин башчысы Тилек Токтогазиев залга чогулган айыл чарба ишканаларынын кызматкерлерин куттуктады:

"Республиканын айыл чарбасын жигердүү өнүктүрүп жана алга жылдырып жаткан түздөн-түз катышуучуларды чоң сыймыктануу жана ыраазычылык менен куттуктап, олуттуу салымыңарды белгилейбиз. Биз силерди министрлик менен жигердүү кызматташууга чакырабыз, туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө айтып, бизди сындап, өз идеяларыңарды сунуштагыла. Биз силер үчүн ар дайым ачыкпыз".

Катышуучулар кызматташуунун маанилүүлүгүн жана жигердүү кызматташууга даяр экендигин белгилешти.

"Мен бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келем, министрлик бизге биринчи жолу ушундай көңүл буруп жатат. Бул абдан жагымдуу, жаңы толкунду, кластерлер түрүндөгү жаңы долбоорлорду ишке киргизгениңиз үчүн чоң рахмат, биз бул жөнүндө бир гана жолу укканбыз, бирок чындыгында көрө элекпиз. Ошондуктан, милдеттенмелерди бардыгыбыз колдойбуз жана республиканын айыл чарбасын өркүндөтсө болот, ал гүлдөп өсөт деп ишенебиз ", - деп белгилейт "Ак-Куу" ААКтын канаттуулар фабрикасынын директору Нургүл Малабаева.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ишкерлер министрликтин Ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/54