Дастан Бекешев: Мадумаровду жоопко таркылары келип жатат
RU

Дастан Бекешев: Мадумаровду жоопко таркылары келип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөп жатышканын билдирди.

"Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокурордон парламентке сунуш түштү",-деп жазды депутат Дастан Бекешев Twitter баракчасына.

Ал Kaktus.media сайтына комментарий берип жатып, кеп болжолдуу түрдө КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мекенге чыккынчылык" беренеси боюнча болуп жатканын белгиледи.

Депутат Исхак Масалиев Kaktus.media сайтына билдиргендей, депутаттар Башкы прокуратуранын жүйөлөрү менен таанышып, көзөмөл органынын сунушу боюнча чечим кабыл ала турган комиссия түзүшөт. Бул чечим парламенттин кароосуна жиберилет.

Эске салсак, Мадумаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жерлерди сатуу боюнча бир нече жолу күбө катары суракка алынган. Буга чейин 2021-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жерлерди сатуу боюнча иликтөө башталарын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5537