Москва. Справкага келген мигранттар (видео)
RU

Москва. Справкага келген мигранттар (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир күн мурун медициналык справка алам деп кезек күткөн мигранттардын сүрөтү жарыяланган болчу. Эми, ошол кезекте турган мигранттар видеосун жарыялашты.

Тизме боюнча медициналык текшерүүдөн 5 680 адам өтүүгө тийиш. Эл таң эрте келип, түн жарымга чейин кезек күтүүгө аргасыз. Алар бир нече күндүк убакытсын медициналык справка алууга коротушат.

Эске салсак, быйылкы жылдан тартып Россиядагы мигранттардын бардыгы үч айда бир медкомиссиядан өтүп турууга милдеттүү. Анын ичинде ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн келген жарандар дагы. Медкомиссиядан үч айда бир өтүп туруу зарыл.

Медициналык күбөлөндүрүүгө баңгизатын же психотроптук каражттарды дарыгердин уруксаты жок колдонгондугун же фактысын аныктоо, инфекциялык оорулардын анын катарында ВИЧ-инфекциясынын бар-жоктугун аныктоо кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5626