Караоке бардын жанынан милицияларга кол салынды. Алар ок атууга аргасыз болушту
RU

Караоке бардын жанынан милицияларга кол салынды. Алар ок атууга аргасыз болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарындагы караоке-бардын биринин кардарлары милиция кызматкерлерине кол салышкан.

Чүй ШИИБ Kaktus.media'га билдиргендей, 1-декабрда, болжол менен саат 02:40та милиция чакыруу боюнча жөнөп кеткен. Шаардагы караоке-барлардын биринин жанында жигиттер мушташып жатат, деген билдирүү келген.

Мушташ болуп жаткан жерге милиция кызматкерлери келип аларды ажыратканга аракет кылган. Бирок, мушташкандар милицияга да кол салышкан. Жыйынтыгында эки кызматкер травма алышты.

Андан тышкары милиция кызматкерлердин бири табелдик тапанчадан асманга бир ирет аткан.

Бул окуядан кийин 1990-жылы туулган И.Ш. Жайыл райондук убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Сот аны бир жылга эркинен ажыратты.

"Тергөөнун алдын ала берилген версиясына ылайык, мас абалдагы жигиттер айтыша кетишкен, кийин ортодогу уруш мушташка айланган", - деп ИИБ маалымдады.

Учурда тергөө конфликтин башка катышуучуларын да суракка алып жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш улантылууда.

Ошондой эле ИИБ, мушташ учурунда милицияны бычакташты деген маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/58