Саламаттыкты сактоо министрлиги балдардын арасында коронавирус көбөйгөнүн билдирди
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги балдардын арасында коронавирус көбөйгөнүн билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-декабрда өткөн брифинг учурунда, коомчулуктун саламаттыгын сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова коронавируска кабылган балдардын саны жогорулап кеткенин билдирди.

Анын айтканына ылайык, сентябрь айында, 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп курагындагы балдар арасында 48 учур катталса, октябрь ичи бул көрсөткүч 315ке жеткен, башкача айтканда 6,5 эсеге көп.

"1-декабрга карата 320 учур катталды. Ошол эле кезде, оорулар мектепке барып баштаган окуучулардын арасында байкалган эмес. Ооругандардын бары коронавирусту үйдөн жугузушкан", - деп билдирди Акматова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/60