Карганбек Самаковдун иши кайрадан каралат. Буга чейинки чечимдер жокко чыгарылды
RU

Карганбек Самаковдун иши кайрадан каралат. Буга чейинки чечимдер жокко чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Карганбек Самаков, Игорь Чудинов, Искендер Айдаралиев жана Арстанбек Ногоев 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталып келишкен. Аларга кылмыш иши 2015-жылы 14-майда козголгон.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, 2017-жылдын декабрь айында Бишкектин Октябрь райондук соту Самаковду 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чагарган. Бирок эки мунапысты эске алуу менен анын мөөнөтү үчтөн эки мөөнөткө чейин кыскартылган.

Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиев ар бири 5 миллион сом айып пул төлөшкөн.

2019-жылы Самаков бошотулган. Калган мөөнөтүн колония-посолениеде өтөйт, деген чечим кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/630