Новиков Исфанадагы аэропорттун ачылышында кыргыз тилинде сүйлөдү (видео)
RU

Новиков Исфанадагы аэропорттун ачылышында кыргыз тилинде сүйлөдү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Новиков исфаналыктардын алдына чыгып сүйлөп жатып, алар үчүн жагымдуу жаңылыгы бар экенин билдирди.

"Кыргызстанда дагы бир аэропорт жаңыланды, ага улуу мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысмы ыйгарылды. Чын жүрөктөн бардыгыңарды куттуктайм! Исфананын аэропорту - бул стратегиялык жактан олуттуу объект, анын оңдоп-түзөө иштерине 58 млн сом сарпталган. 2019-жылы жаңы аэровокзал салынган, 2020-жылдагы пандемияга карабастан аэродром ремонттолуп, ага "жарактуу" деген сертификат берилди", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, "Исфана" аэропорту 1970-жылдары салынып, эксплуатацияга берилген, аны кайра оңдоп, 7-декабрда кайрадан ачылышы болуп өттү. Жарандык Авиация Комиссиясы тарабынан аэродромдун сертификациялык нормаларга ылайык келе турганы текшерилип, бир катар кемчиликтер аныкталган. Ал эми сертификаты кайрадан чакыртылган болчу.

2019-жылдын апрель айында, аэродромго жарамдуулук мөөнөтүн узартуучу сертификат берилбегендиктен, Бишкек - Исфана - Бишкек муршруту боюнча туруктуу рейстер токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/63