Президенттин Хансарайы $35 миллионго айланышы мүмкүн
RU

Президенттин Хансарайы $35 миллионго айланышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна Кыргызстандын президентинин администрациясынын имараты салынмак болду. Курулуш иштеринин башталышына президент Садыр Жапаров өзу катышып, 15-апрелде капсула салган. Курула турган имараттын аянты 21 миң квадрат метр болот.

Өлкө башчысы белгилегендей, салынып жаткан имарат бир нече кылым туруп, азыркы эле эмес кийинки муундарга да пайдасын тийгизет.

Президенттин басма сөз кызматы имараттын концепциясынын сүрөттөрүн жарыялаган. Интернет аркылуу издөө жүргүзсөк, сүрөттөр Pinterest сыяктуу фотостоктордон алынганын байкоого болот.

Салынып жаткан имараттын тушуна административдик комплекс салынып, анда чиновниктер иштешет. Жапаровдун администрациясы билдиргендей, мамлекеттик органдардын бир жерде жайгашуусу борбордук аппараттын ишин мыктылап, чечимдерди иштеп чыгуу процессин тездетип, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү тыгындарды азайтат.

Коомчулуктун негативдүү реакциясына Садыр Жапаров жооп катары социалдык тармакка пост жазган. Анда "Ысык-Көл" мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кетпей турганын белгилеген.

"Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот", деп президент ишендирген.

Подрядчиктердин бири TS Group компаниясы.

Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу дирекциясынын жетекчиси Марат Турсунбеков айтылып жаткан 16 гектар жер А.Масалиев атындагы түштүк магистралдын ары жагында жайгашканын билдирди. Мурда бул жер тилкеси Бишкектин штамп заводунун ок-дары сактоо складына (пороховой склад Бишкекского штамповочного завода) таандык болгонун да тастыктады.

Он подтвердил, что территория раньше принадлежала пороховому складу Бишкекского штамповочного завода.

"Тендер жана жер тилкеге баа берүү өткөрүлдү", - дейт Турсунбеков. Бирок жер тилке канчага бааланганын айткан жок.

Андан тышкары, инвестор катары бир эмес, бир нече ата мекендик компания чыгып жатканын, бирок алар өз аттарын атабоону суранышканын кошумчалады.

Kaktus.kg кыймылсыз мүлк агенттиктерине кайрылып, Түштүк магистралдын аркы тарабындагы жер тилекелердин орточо баасы канча экенин сурады. Агенттиктердин бири Масалиев көчөсүнүн ары жагында дээрлик жер калбай калганын, "Асанбай" кичи районунун маңдайындагы 3 гектар жер гана сатылып жатканын билдиришти. Алардын айтымында, жердин ээси аны $6,5 миллионго сатам деген.

Бул сумманы эске алып эсептей турган болсок, ордуна жаңы Ак үй салып бере турган белгисиз инвесторго берилип жаткан 16 га жер тилкеси болжол менен 34,67 миллион турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6419