"ЭЛКАРТ Мобайл" аралыктан идентификация өтүүнү камтыган жаңы версиясын чыгарды
RU

"ЭЛКАРТ Мобайл" аралыктан идентификация өтүүнү камтыган жаңы версиясын чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"ЭЛКАРТ" Улуттук Төлөм Системасы "ЭЛКАРТ Мобайл" тиркемесинин аралыктан идентификация өтүүнү камтыган жаңы версиясын чыкканын жарыялайт.

ЖАК "Банктар аралык процессинг борбору", ЭЛКАРТ УТСнын оператору катары, ЭЛКАРТ Мобайл тиркемеси дагы ишеничтүү жана коопсуз болуп калганын маалымдайт. ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесинин жаңы функционалын колдонуу үчүн колдонуучу аралыктан идентификация процедурасын өтүүсү зарыл.

Идентификация өтүү буга чейин ушунчалык оңой болгон эмес!

- Ушул жерден идентификация өтүү жөнүндө видеону көрүңүз;

- Google Play де же App Store до тиркемени жаңыртыңыз же жүктөп алыңыз;

- "Профиль" бөлүмүнө кириңиз жана Фамилияңызды, Атыңызды, ПИН жана Паспортуңуздун номерин киргизип, жарандыңызды көрсөтүңүз;

- Жеке маалыматтарды иштетилүүсүнө макулдуңузду ырастаңыз;

- Паспортуңуздун алдыңкы, арткы бетин жана жүзүңүздү сүрөткө тартып киргизиңиз.

Идентификациядан өттүңүз!

"ЭЛКАРТ Мобайл" тиркемесинин артыкчылыктары:

  • УТС ЭЛКАРТ ичинде өз карталар арасында жана башка банктардын УТС ЭЛКАРТ карталарына акча каражаттардын которуу (карттын номери, телефон номери жана QR-код аркылуу),
  • Кредит алуу үчүн банкка көчүрмө даярдап жөнөтүлүүсү,
  • Баардык банктардын банкоматтарынын, POS-терминалдарынын актуалдуу картасын көрүү,

жана ошондой эле 200дөн ашуун, ошонун ичинде, байланыш кызматтарына, интернет, коммуналдык төлөмдөр, салык төлөмдөр, депозитти толтуруу, банктагы же микрофинансылык уюмдардагы кредитти төлөө ж.б. ТАПТАКЫР КОМИССИЯСЫЗ!

Тиркеме менен колдонуу үчүн, сизге зарыл болгондор:

- ЭЛКАРТ УТСнын картасы же каалаган банктан ЭЛКАРТ УТСнын картасын ачуу;

- телефон номериңиз аркылуу каттоодон өтүү;

- эң оңой идентификациялоо процедурасын өтүү;

- ЭЛКАРТ УТСнын картасын ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесине кошуу. Бардыгы даяр!

ЭЛКАРТ Мобайл – мүмкүнчүлүктөрдү ачууда!

Бүгүнкү күндө ЖАК "Банктар аралык процессинг борбору" Кыргыз Республикасынын Улуттук Банктын лицензиясынын негизинде (12.05.2015-ж. №2001120515, 20.02.2020-ж. № 3030200220) төлөө системаларынын оператору, төлөм уюмунун жана Кыргыз Республикасынын жалгыз өз ара иш алып баруу оператору (28.02.2020 ж. лиц. № 6001280220) иштерин жүргүзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6446