Жалал-Абад шаарынын мыкты мугалимине автоунаа берилди
RU

Жалал-Абад шаарынын мыкты мугалимине автоунаа берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 22-апрелде, Жалал-Абад шаарында "Жылдын мыкты мугалими - 2022" кароо-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Сынактын баш байгесине коюлган унааны жана Ысык-Көлгө 20 күндүк жолдомону Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими, 29 жаштагы Максат Абилов жеңип алды. Ага автоунаанын ачкычын шаар мэри жана шаардык кеңештин төрагасы тапшырды.

Баш байгени жеңип алган Максат Абилов 6 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Бул убакыт аралыгында анын 11 окуучусу предметтик олимпиаданын шаардык баскычында алдынкы орунду камсыз кылса, алардын ичинен экөө облустук олимпиадада байгелүү орунду камсыздаган.

Максат Абилов эми "Жылдын мыкты мугалими - 2022" сынагынын облустук баскычында Жалал-Абад шаарынын намысын коргойт.

Белгилей кетсек, "Жылдын мыкты мугалими - 2022" кароо-сынагына жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом акча каражаты бөлүнүп, байгеге автоунаадан сырткары автоматтык кир жуучу машина, ноутбук жана планшеттер коюлган.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айынан тартып мугалимдердин айлыгы 80%га көтөрүлгөн. Бул тууралуу кененирээк бул жактан окусаңыз болот.

Кыргызстанда мугалимдердин саны 186 миңден ашат. Өлкө боюнча 345 авариялык абалдагы орто мектеп иштеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6455