Бишкекте жаңы прокурор дайындалды. Ал генпрокуратура менен соттошкон
RU

Бишкекте жаңы прокурор дайындалды. Ал генпрокуратура менен соттошкон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media'га билдиришкендей, борбор шаардын прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев дайындалды. Кечээ кечинде аны жамаатка тааныштырышкан. Генералдык прокурор Курманкул Зулушев кызматка дайындоо тууралуу буйрукка, 10-февралда кол койгон.

Шаардык прокуратурада мурунку жетекчи Темирбек Бекмаматов эмне болгонун эч ким билбейт.

Марсбек Кыдыкбаев Токмок шаарынын прокурору болчу. Ал Жогорку Кеңештин экс-депутаты, ички иштери министринин экс орун басары Кубанычбек Кадыровдун бир тууган иниси.

2012-жылы ага карата "Бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонуу", "Расмий документти мыйзамсыз жасоо", "Ыйгарым укугун жеке кызыкчылыкта колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Алгач СИЗОго камалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Сот Марс Кыдыкбаевди актаган. Ал генпрокурорду (ал кезде Аидя Салянованы) коррупция менен күрөшүү шылтоосу менен жалган жалаа жабат, деп айыптаган. Ошондой эле АКШдан саясий баш калкалоо сурагандыгын да билдирген. Генералдык прокуратура менен соттошуп, Аида Салянованын кетүүсун талап кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/647