Министрдин миллионер уулдары каржылаган "Алтын Балалык" борбору качан бүтөт?
RU

Министрдин миллионер уулдары каржылаган "Алтын Балалык" борбору качан бүтөт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүнкү күндө чуулгандуу "Алтын Балалык" реабилитациялык борбордун курулуш иштеринин 80% бүтүп калды. Kaktus.media редакциясы башка ЖМКлар жана министр менен биргеликте Чолпон-Ата шаарына, аталып жаткан мекемеге барып келишти.

Курулуш иштери 1999-жылы башталып, 2005-жылдагы революциянын айынан токтоп калган. Бирок көп жыл каралбай, бош турганына карабастан имарат жакшы сакталган. Сейсмологиялык курулуш инститиуту келип, бардыгын текшерип, объект мыкты абалда, деген корутунду чыгарып берген, дейт куруучу Ильхам Абдуллин.

Долбоордун автору Альфред Енгалычев, имарат мыкты салынган, ошондуктан бизге жана балдарыбызга көп жыл кызмат кылат, деп ишендирди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курулуш иштерин баштоону президент Садыр Жапаров буюрганын белгиледи.

"2005-жылдагы революциянын айынан курулуш токтоп калган. Садыр Жапаров чолпонаталыктар менен жолугуп, бир жылда "Алтын Балалыкты" бүтүрөбүз деп сөз берген. Биз курулуш компанияларына кат жөнөтсөк $20-25 миллионго бүтүрөбүз, деп жооп беришкен. Садыр Нургожоевич мамлекеттин акчасы жок деди. Анан биз тендер өткөрүп, 38 миллион сом чогулттук. Өз баасы, элестеткиле, 1,8 миллиард сом. 38 миллион бул, деңиздеги бир тамчы Айрым демөөрчүлөр да жардам беришти Мен жашырбайм: Париж пансионатына ээлик кылган эки уулума кайрылдым, алар коттедждерин сатышты", - деп министр белгиледи.

Министрдин айтымында, уулдары кыргыз элине белек катары өзүнүн эсебинен ремонт жасатып жатышат. "Прокуратура көпкө текшерди. Бардыгы туура эле болуп чыкты. 27-майда, бул жерде балдар үчүн жайкы лагерь ачылат. Биз "Кумтөргө" да кайрылганбыз, алар $1 миллион 200 миң бөлүп беришти. Тендер жарыялап ангиограф жана башка жабыдктарды сатып алдык. Мен ЮНИСЕФке да кайрылгам, алар да медициналык жабдыктарды беришет", - деп Бейшеналиев сөзүн жыйынтыктады.

"Алтын Балалык" балдар реабилитациялык борбор, жалпы аянты 19 460 квадрат метр болгон үч кабаттуу имарат. Борбор бир эле учурда 250 баланы ата-энеси менен кош кабыл ала алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6482