Президенттин катчысы: Орозо айтта мал союуга тыюу салынат деген билдирүү жалган
RU

Президенттин катчысы: Орозо айтта мал союуга тыюу салынат деген билдирүү жалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президентинин басма сөз кытчысы Эрбол Султанбаев Орозо айтты майрамдоого байланыштуу тарап жаткан аудио билдирүу боюнча комментарий берди.

Анын айтымына караганда, мессенжерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтта мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудиотасма тарап жатат.

Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз", - деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, быйылкы Орозо айт майрамы 2-майда белгиленет.

Садыр Жапаров февраль айында өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарган. Анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырган. Ошондон тарта жер-жерлерде ысырапкорчулукту тыюуга байланыштуу чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6498