"Келечектен келген түгөйлөр" жана "Акыргы баатыр" Бишкекке келет
RU

"Келечектен келген түгөйлөр" жана "Акыргы баатыр" Бишкекке келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-майдан 15-майга чейин "Ала-Тоо" кинотеатрында Russian Film Festival алкагында заманбап россия тасмалары акысыз көрсөтүлөт. Программада үй-бүлөлүк аудиторияга арналган ар түрдүү жанрдагы беш фильм бар. Бардык тасмалар кыргыз субтитрлеринин коштоосунда, орус тилинде көрсөтүлөт.

Кино сүйүүчүлөр чоң экрандан орус киносунун чыныгы жылдыздарын көрүшөт жана ошондой эле өздөрү үчүн жаш, мыкты актерлордун - жаңы ысымдарын таба алышат.

Көрсөтүүнүн программасына төмөнкү тасмалар кирет:

- "Келечектен келген түгөйлөр" (реж. Алексей Нужный, 2021ж) - үй-бүлөлүк мамилелерди сактап калуу жөнүндөгү фантазиялык элементтери бар романтикалык комедия. 20 жыл чогуу жашаган башкы каармандар ажырашуу алдында турушат. Тагдыр аларды 2040-жылдан 2020-жылга карай артка жайгаштырат. Келечектеги түгөйлөр бири-бирине болгон таарынычтан жана нааразылыктан улам күтүлбөгөн жерден фантастикалык мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жаш кезден эле өз алдынча ажырашып кеткиси келет, бирок бул оңойго турбайт. Жубайлардын ролун орусиялык мыкты куудулдардын бири Сергей Бурунов жана бул тасмадагы ролу үчүн Россиянын башкы кино сыйлыктарынын бири "Золотой орел" сыйлыгын алган Мария Аронова аткарган.

- "Акыргы баатыр: кара күч элчиси" (реж. Дмитрий Дьяченко, 2021ж) – "Акыргы баатыр" үчилтигинин финалдык тасмасы - орус фольклору менен заманбап блокбастерди ийгиликтүү айкалыштырган үй-бүлөлүк жомок. Комедия буга чейин бардык убактагы эң кирешелүү орус тасмаларынын ТОП-5ине кирген. Бул жерден дагы көрүүчүлөр башкы ролдордун биринде Сергей Буруновду көрүшөт, ал эми заманбап баатырдын ролун таланттуу Виктор Хориняк ойногон: "Акыргы баатыр" франшизасы жаш актёрго кеңири атак даңк алып келген.

- "Жумшак оюнчук Бум!" (реж. Денис Чернов, Илья Куприянов, 2021) - дүйнөгө белгилүү "Смешариктерди" жаратуучулардан достуктун сыйкырдуу күчү тууралуу үй-бүлөлүк анимациялык тасма. Бул уникалдуу рубинди уурдап, аны Бум аттуу оюнчук аюунун ичине катып, асыл ташты өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууну көздөгөн жогорку даражадагы уурунун окуясы. Бирок баары пландагыдай болбойт...

- "Ат Юлий жана чоң ат чабыш" (реж. Дарина Шмидт, Константин Феоктистов, 2020ж) спин-офф менен популярдуу анимациялык франшиза "Үч баатыр", сүйлөгөндү билген Юлий атынын сүйкүмдүү жана күлкүлүү окуялары балдардын аудиториясын кайдыгер калтырбайт. Эл аралык аренаны ийгиликтүү багындырып келе жаткан заманбап орус анимациясынын жогорку сапаты мультфильмди чоң экрандан көрүүгө дагы бир себеп.

- "Өрт" (реж. Алексей Нужный, 2020) – бул арабыздагы чыныгы баатырлар тууралуу масштабдуу тартылган драма. Башкы ролдо - Россиядагы эң белгилүү актерлордун бири Константин Хабенский: анын эсебинде 100дөн ашык кино ролдор бар. Өрт өчүрүүчүлөрдүн эрдиги жана өрткө каршы күрөшү тууралуу тасма визуалдык эффект жана татаал трюктар менен көрүучүлөрдү суктандырат, ал эми актерлордун мыкты оюну персонаж үчүн кайгырып жана драманын акырын чейин бир дем менен ээрчип көрүүгө мажбурлайт. Жаш жана жаңы куткаруучунун ролун белгилүү актёрдук династиянын өкүлү, советтик жана россиялык көрүнүктүү актер Олег Янковскийдин небереси Иван Янковский ойногон. "Өрт" тасмасындагы эмгегине жараша Иван Янковскийге экинчи пландагы эң мыкты роль үчүн "Золотой орел" сыйлыгын алган.

Көрсөтүүлөргө катталуу шилтеме аркылуу жеткиликтүү

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6517