Kaktus.media'нын базардан жасаган репортажы. Шекер кымбаттап, завод сатыкка чектөө койду
RU

Kaktus.media'нын базардан жасаган репортажы. Шекер кымбаттап, завод сатыкка чектөө койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министрлигинен кетип жатып Тилек Токтогазиев жакында азык-түлүк кризиси боло турганын эскерткен.

Анын айтымында, өлкөдө суу майдын жана шекердин запастары чектелүү. Кайыңды заводунда таттуу азыктын болгону 18 тоннасы эле калганын айтып, бул запас болгону үч айга жете турганын белгилеген.

Токтогазиевдин билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактарда кыргызстандыктар бардык дүкөн жана базардан шекер сатып алып, эч жерде калбай калганын жазып чыга башташкан.

Kaktus.media'нын редакциясы базарларга жана дүңү менен сатылуучу жерлерге барып, кырдаал кандай болуп жатканын көрүп келди.

Чындыгында шекер аз эле жерде сатылып жатат

Сатуучулар жергиликтүү базарларда кумшекердин запасы чектелүү экенин тастыкташты.

Аны Кайыңды заводу бир адамга 3 тоннадан ашык сатпай жатканынан деле түшүнсө болот. Маселен, мурда ортомчу болуп иштегендер бир алганда 15-20 тонна сатып алышчу, азыр анте алышпайт.

Кумшекердин көбүн Тажикстанга чыгарып кетишти. Азыр алар бардыгын сатып алып жатышат, азык-түлүктөн тартып күйүүчу майга чейин.

Жаралган кырдаалга карабастан, эл арасында ызы-чуу түшкөн эч ким жок. Анткени, элде акча жок. Мурда бир мүшөк сатып алгандар азыр 2-3 килограммдан эле алып калышты.

Буга чейин оптом саткандар мүшөгүн ачып, килограммдап сатат деген болчу эмес. Азыр бир аз болсо да акча таап алйын, калктын керектөөсүн камсыздайын деп, аз-аздан сатууга аргасыз болуп калышты.

Унду да килограммдап алып калышты. Жала калса, ашкана, навайкана, кафелер ченелүү көлөмдө алышат. Мурункудай мүшөктөп сатып алгандар чанда.

Кумшекерден пайда деле түшпөйт

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу кумшекер ушунча кымбат сатылууда. Эки жуманын ичинде анын баасы 10 сомго көтөрүлдү, башкача айтканда 45 сомдон 56 сомго. Болгондо да бул дүңүнөн сатылган баасы.

Кумшекердин баасы бир күндө эки жолу өзгөрдү. Эртең менен бир баада жеткирип беришсе, кечкисин экинчи баа менен алдык, деп сатуучулар айтышты.

Реализаторлор кумшекердин бир килограммына бир сомдон ашык кошо алышпайт.

"Бааны продуктуну чыгара тургандар, же контрабанда менен алып чыккандар гана төмөндөтө алышат. А биз кантип көтөрмөк элек? Биз бир мүшөк кумшекерден 40 сом пайда көрөбүз. Анткенин анын 10 сому жүк ташыгычка төлөнөт. Оптом саткандар эч качан шекерден пайда көрүшчү эмес. Ассортимент үчүн эле койгонго аргасыз болобуз. Анткени адам улам бир дүкөнгө кирип отурбай, бардыгын бир жерден эле сатып алгысы келет", - деп айтышты соодагерлер.

Кумшекердин базардагы баасы 56 сомдон 60 сомго чейин, айрым дүкөндөр 68 сомдон сатышууда.

Ири супермаркеттер негизинен сырттан алынып келинген продуктуну сатышат. Аларга түрдүү акциялар жүрүп, кээ бирлеринде баасы базардагыга салыштырмалуу төмөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/653