Айпери 20 жыл мурун жоголуп кеткен апасын табышып койгулачы деп суранды
RU

Айпери 20 жыл мурун жоголуп кеткен апасын табышып койгулачы деп суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жоголуп кеткен аялдын аты Кызбурак Курбанкулова, 1958-жылы туулган. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан. Курбанкулова 2001-жылы 26-сентябрда "Дордой" базарынан жоголуп кеткен. Түштө жумушунан чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, деп айтышат.

Видеонун үзүндүсүндө болжол менен Кызбурак Курбанкулова.

"Жакынкы күндөрү ыр угуп ыйлап жаткан аялдын видеосун социалдык тармактан көрүп калышкан. Бардык туугандар жана тааныштар бул аял Кызбурак деп жатышат. Мен өзүм да ошондой ойдомун. Ошол болуп калса экен. Азыр да издеп жатабыз, бирок такыр таппай койдук. Сураныч, издешип окйгулачы", - деп изделип жаткан аялдын кызы Айпери Kaktus.kg редакциясына жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6571