Францияда кишинин заарасы эффективдүү жер семирткич боло турганын аныкташты
RU

Францияда кишинин заарасы эффективдүү жер семирткич боло турганын аныкташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Синтетикалык азот жер семирткичтер биринчиден, айлана чөйрөнү булгайт, экинчиден, алардын баасы күн санап өсүп жатат. Ошондуктан француз изилдөөчүлөр химиялык жер семирткичтерге табигый альтернатива табышкан – бул адамдын заарасы.

Франциянын айыл чарба палатасы берген маалыматка ылайык, урина затын айдоо талааларына чачуу жакшы натыйжаларды берген. Заара оорулардын ташыбайт жана өзүнөн-өзү эле стерилдүү боло турганы белгилүү, ошондуктан айыл чарбачылыкта колдонууда, ашыкча тазалоодон өткөрүүнү талап кылбайт. Андан тышкары, курамында көптөгөн микроэлементтер жана азот бар. Азот жашылча-жемиштердин тез өзүүсүнө түрткү болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6572