Аксыда "Айданек" балдар бакчасы толугу менен өрттөнүп кетти
RU

Аксыда "Айданек" балдар бакчасы толугу менен өрттөнүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылында "Айданек" балдар бакчасы толугу менен өрттөнүп кеткен.

Кыргызстандын өзгөчо кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, өрттөн жабыркаган аянттын көлөмү 750 квадрат метр.

"Айданек" 76 орунга ылайыкталган мамлекеттик бакча болчу.

Өрттү өчүрүү үчүн бир өрт өчүрүүчү бригада тартылган.

Болжол менен өрт 00:30да чыккан. Өрт өчүрүүчү бригада бир сааттан кийин гана келген. 03:45 өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрт чыгуунун себептери аныкталып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/65