Екатеринбургда 16-кабаттан кыргызстандык жигит учуп түшкөн
RU

Екатеринбургда 16-кабаттан кыргызстандык жигит учуп түшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-декабрь күнү, Екатеринбургдун шаардык ММКлары жергиликтүу жашоочуларга шилтеме кылып, Кыргрызстандын жараны каза болгонун жазып чыгышкан.

20 жаштагы жигиттин денеси 7-декабрь күнү кечинде, Седов көчөсүдө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн кире беришиндеги чатырынан (козырёк) табылган.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, ал 16-кабаттан учуп түшкөн.

ММКлар берген маалымат боюнча, кыргрызстандык жаран 2019-жылы Екатеринбургга келген. Седов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдө анын улуу байкеси жашачу.

"Денеси табылганга чейин бир нече саат мурун, каза тапкан жигит жакындарына бардыгын жакшы көрөрүн, анын ичинде чек аралар жабык болуп көптөн бери көрүшө элек сүйлөшкөн кызын да сүйөөрүн жазып билдирүү жөнөткөн экен", - деп жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/66