МУККнин экс жетекчисинин бири Суюмбаев алтындын контрабандасы боюнча күбө катары өтүүдө
RU

МУККнин экс жетекчисинин бири Суюмбаев алтындын контрабандасы боюнча күбө катары өтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

МУКК жетекчисинин экс орун басары Болот Суюмбаев алтындын контрабандасы иши боюнча күбө катары катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу Kaktus.media'га куч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айткандарына караганда, 2017-жылы МУККнин (ГКНБ) кызматкерлери Кыргызстанга контрабанда менен алынып келинген 22 кгдан ашык алтындын ири партиясын кармашкан. Ал кезде келтирилген материалдык зыян далилденгенине карабастан, МУККнин жетекчилиги ишти жаап салууну буйрук кылган.

Бул ишти Аскер прокуратурасы кайрадан жандандырып, иликтөө жүргүзгөн, бирок иштин материалдары МУККга берилген болчу. Ушул эле иш боюнча МУККнин жетекчисинин мурунку орун басары Дүйшөнбек Чоткараев да көрсөтмө берип жатат. Ал камака алынып МУККга жеткирилди.

Маалымат берген булак, бул иштин алкагында Болот Суюмбаев да күбө катары көрсөтүлгөнүн, жана бир нече жолу суракка чакырылганын маалымдады. Бирок белгисиз себептерге байланыштуу келбейт жатыптыр. Күч структуралары анын жашаган жерин таппай жатат имиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/67