"Колдон келгенин кылдым". Мушкер Канат Келдибеков спорттогу карьерасын жыйынтыктады
RU

"Колдон келгенин кылдым". Мушкер Канат Келдибеков спорттогу карьерасын жыйынтыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз мушкери Канат Келдибеков карьерасын жыйынтыктады. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кечээ 7-июнда билдирди.

"Ассалам алейкум кыргыз элим. Ар нерсенин өз убактысы, мезгил сааты болот тура.

Ар бирибиз биринчиден өлкөм мага эмне кылды дебей, мен өлкөм үчүн эмне кылдым деген суроо беришибиз керек!

Менимче аз да болсо өз өлкөм үчүн бир салымымды спорт жактан кошо алдым деген ойдомун. Бул деңгээлге жеткенге силердин ар бириниздердин колдоңуздар, дубаңыздар түрткү…

Мен баарыңыздардан ыраазымын.

Бул профессионалдык карьерадагы акыркы постум. Тагыраагы спортту жыйынтыктадым, баарыңыздарга, жылуу сөздөрүңүздөргө рахмат элим."

Мушкер Канат Келдибеков 31 жашта, аралаш мушташ (ММА) боюнча белгилүү мушкерлердин бири, Кыргызстанда "Тайсон" каймана аты менен таанымал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6964