Эми мектептерде "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы өтүлө баштайт
RU

Эми мектептерде "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы өтүлө баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы киргизилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкта "Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кайсы бир диндин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышына тыюу салат, динди жана бардык диний ырасымдарды мамлекеттен ажыратууну камсыз кылат, диний бирикмелердин, дин жана диний ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салууну киргизет",-деп айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6996