"Уральские авиалинии" Кыргызстанга рейстерин жаңырта турганын маалымдады
RU

"Уральские авиалинии" Кыргызстанга рейстерин жаңырта турганын маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Уральские авиалинии" деп аталган россиялык авиакомпания Россиянын сегиз шаарынан Бишкек жана Ошко чартердик рейстерин жаңыртат. Бул тууралуу компания өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Чартердик рейстер Москвадан ("Домодедово"), Жуковскийден, Санкт-Петербургдан, Екатеринбургдан, Нижневартовскийден, Казандан, Красноярскийден жана Самара шаарларынан болот.

Билеттер сатыкка чыккан, аларды uralairlines.ru сайты, мобилдик тиркемелер аркылуу же авиакассалардан сатып алууга болот.

Самолетко отрурар алдында жүргүнчүлөр COVID-19 жок, деген малымкат көрсөтүүгө тийиш. ПЦР тестти 72 саат мурун тапшыруу зарыл, деп авикомпания белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/69