Колбаса, жумуртка, сыр. Жоокерлердин рационуна дагы кайсы азыктар кошулду?
RU

Колбаса, жумуртка, сыр. Жоокерлердин рационуна дагы кайсы азыктар кошулду?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары үчүн, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук лицейинин окуучуларына тамак-аш рационунун ченемдери жөнүндө" № 44 токтому кабыл алынды, деп билдирүүдо жазылган.

Ага ылайык, аскер кызматчылары үчүн азык-түлүк рационунун жаңы бирдиктүү ченеми аныкталды. Эми жоокерлердин тамак-ашынын рационунда Ата Мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн калориялуу тамактар, мисалы, жарым-жартылай ышталган колбаса, жумуртка, сыр, коюлтулган сүт, табигый жемиш ширеси же жаңы жемиштер болот. Мындан тышкары, эт, балык, кесме жана өсүмдүк майынын суткалык

ченеми бир кыйла жогорулайт.

Аталган норма Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин оорук башкармалыгынын адисттери тарабынан иштелип чыгып, азык-түлүк ченазыктары медициналык адистерди тартуу менен ар тараптуу талдоодон, илимий-изилдөө иштеринен кийин кабыл алынган. Анда көптөгөн факторлор, анын ичинде аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү, жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы, күн тартиби, климаттык шарттары, жана ошондой эле улуттук тамактануу өзгөчөлүктөрү дагы эске

алынды, деп Коргоо министрлигинин маалыматтык камыздоо башкармалыгы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/722