Жаш келин эки баласы менен сууга боюн таштады
RU

Жаш келин эки баласы менен сууга боюн таштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Согди облусундагы Сыр-Дарыянын жээгинен аял менен эки баланын сөөгү табылды.

Окуяга күбө болгондор Бобожон айылынын тургуну Санъат Гаффорова алты жашар жана беш айлык эки баласы менен бирге өзүн дарыяга таштаганын айтышты.

Санат Гаффорованын жакындары жана анын кайын-журту журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Маалым болгондой, үй-бүлөнүн атасы жакында эле Россияга иштегени кеткен.

Иликтөө иштери уланып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7354