Чебурашканын атасы каза болду
RU

Чебурашканын атасы каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Советтик жана орусиялык аниматор Леонид Шварцман каза болду.

Ал 101 жашта болчу. Өлүмдүн себеби айтыла элек.

Шварцман 1920-жылы Минск шаарында туулган. 1941-жылы живопись, скульптура жана архитектура институтунун алдындагы мектепти аяктаган. 1948-жылдан баштап "Союзмультфильмде" иштеген.

Ал көптөгөн мультфильмдерде коючу сүрөтчү милдетин аткарган, анын ичинде "Кызыл гүл", "38 тоту куш", "Гав аттуу мышыкча", "Крокодил Гена жана Чебурашка". Ал Чебурашканын образын өзү жараткан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7359