Видеосу нааразычылык жараткан имам: Жаз, жай мезгилинде болуп көрбөгөндөй чечинишет
RU

Видеосу нааразычылык жараткан имам: Жаз, жай мезгилинде болуп көрбөгөндөй чечинишет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-июлда социалдык тармактарга Бишкектин Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун видеосу тараган. Анда дин кызматкери кыз-келиндердин жарым этин көрсөтүп кийген кийми тууралуу кеп кылган. Видеонун үзүндүсү желдей тарап кызуу талкуу жараткан.

Көп өтпөй имам SUPER.KG порталына нааразычылык жараткан видеосу боюнча айтып берди.

"Эми карасаңар жаз, жай мезгилинде болуп көрбөгөндөй чечинишет. "Кой кызым, мындай кийинбе, намысымды булгап жатасың, мага сөз тиет, такси же учак сени барчу жериңе бекер жеткирбесе эмне кереги бар?" деген намыстуу эркек жок. Ошондон улам намысыз эркектерге катуу тийип жатат.

Ар бир адам жүрөгүндө болгон нерсесин чыгарат. Мен өлкөдөгү жалпы аялзтанынын намысын коргоо максатында айткам. Ал эми интернетте мени боктоп, жаман пикир жазып жаткандардын жүрөгүндө бок сөздөн башка эч нерсе жок болсо эмнени айтат. Мен алардан жакшы сөз күтпөйм. Терикпейм, акыйкатты айттым, намыска чакырып жатам.Алардын айткандарын таманымдын астына таштап, тебелеп кете берем", - деди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы имамдын айткандары боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн айткан. Буга Садыбакас Доолов Муфтияттын толук укугу бар экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7425