Белгилүү теннисчи Мария Шарапова менен сүйүктүүсү ата-эне болушту
RU

Белгилүү теннисчи Мария Шарапова менен сүйүктүүсү ата-эне болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орусиянын атактуу теннисчиси Мария Шарапова эне макамын алды. Ал кубанычы менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү. Тагыраагы, теннисчи расмий баракчасына "Апа" деген статусту киргизди.

Чет элдик басылмалар жазгандай, азырынча Шарапованын уулу же кыз төрөгөнү, качан көз жарганы белгисиз.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн биринчи ракеткасы аталган Мария Шарапова 2020-жылы спорттогу карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Ошол эле жылы британиялык ишкер менен мамиледе экени белгилүү болгон. Ушул жылдын апрель айында Мария Шарапова кош бойлуу сүрөтүн жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7475