"Биз тирүүбүз!" Кар көчкү басып кала жаздаган туристтер кабарын билдирди (видео)
RU

"Биз тирүүбүз!" Кар көчкү басып кала жаздаган туристтер кабарын билдирди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусундагы капчыгайда кар көчкү тартылган видео тарады.

Бул видеодо турист англисче сүйлөгөнү угулган. Ал эми видеону тарткан кыязы, гиддердин бири болгон. Аларды кар көчкүнүн жеңил катмары басып калганын түшүндүргөн.

Эске салсак, кар көчкү 8-июлда болгон. Ошол учурда ашууда Улуу Британиядан тогуз турист жана АКШдан бир туристи жүргөн. Алардын баары тирүү калганы айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган жерге мекеменин кызматкерлери жөнөп кеткенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7477