"Тулпар" картасы менен колдонбогондор үчүн жол кире кымбаттайт
RU

"Тулпар" картасы менен колдонбогондор үчүн жол кире кымбаттайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэриясы коомдук транспорттун жол киресин кымбаттатууну пландаштырууда. Бул тууралуу брифинг учурунда, Бишкек троллейбустук башкаруунун директору Артур Өмүрзаков билдирди.

Анын айтканына ылайык, тариф бардык жарандар үчүн көтөрүлбөйт, болгону накталай акча төлөгөндөр үчүн гана. Өмүрзаков шаар тургандарын "Тулпар" картасын айдоочулардан жана сатуу түйүндөрүнөн активдүүрөөк сатып алууга үндөдү.

"Анткени, жакын арада биз накталай төлөөгө тыюу салабыз. 1-январдан баштап иштөө пландалууда. Биз кандайдыр бир буюртма чыгарып, ошого ылайык иш алып барабыз. Нормативдик-укуктук актыны карап чыгууга киргиздик, башкача айтканда, "электрондук билеттештирүү" түшүнүктүн өзүн. Карточка менен жол кире төлөө 8 сом бойдон калат, ал эми накталай төлөмдү жогорулатышыбыз керек", - деди Өмүрзаков.

Жол кире канча сомго жогорулай турганын Өмүрзаков так айтып бере алган жок, болжол менен 12 сом же андан жогору болот, деп божомолдоду. Мындай ыкма менен муниципалитет жүргүнчүлөрдү электрондук билеттештирүүгө өтүүгө аракет кылууда, деп түшүндүрдү.

"Бул механизм калкты электрондук карталарга өтүүгө үндөйт. Жүргүнчү карта менен 8 сом төлөйт, ал эми накталай төлөсө андан көп болуп калат, кыскасы, өзү тандайт. Ошону менен калк бара-бара карточка менен колдонууга өтөт", - деди жетекчи.

Ошндой эле анын айтымында, карточкаларды колдонуу мекеменин киреше бөлүгүн жогорулатат. Түшкөн каражатттын эсебинен транспортту оңдоп-түзөп, кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүшөт.

"Биздин иш ачык-айкын болуш керек, канча жүргүнчү жүрөт, канчасынын мүмкүнчүлүгү чектелген, жеңилдетилген тариф менен жүргөндөр канча, биз булардын бардыгын билебиз", - дейт Өмүрзаков. мэриянын өкүлү накталай төлөмдү дароо эмес, акырындык менен тыюу сала тургандарын билдирди. Биздин башкы максат - "Тулпар" картасынын пайдасын көрсөтүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/74