Жээнбеков мектеп директорлорун массалык алмаштыруу реформа эмес деди. Видео
RU

Жээнбеков мектеп директорлорун массалык алмаштыруу реформа эмес деди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Facebook барачасына учурда мектеп директорлорун алмаштыруу боюнча ой бөлүштү.

"Жарандык коом гана билим реформасын жасай алат. Мектеп директорлорун массалык алмаштыруу реформага эч кандай тиешеси жок. Акимдердин ротациясы, ооруканалардын жетекчилеринин алмашуулары буга далил. Биз бийликтен, билим тармагынын барар багытын айтышын жана системалуу реформасын гана талап кылышыбыз керек",-деп билдирүү калтырды саясатчы.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматынан бошотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7513