Коронавирустун очогу болгон Ухань шаары кайрадан карантинге жабылды
RU

Коронавирустун очогу болгон Ухань шаары кайрадан карантинге жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаары кайрадан карантинге жабылды. Вирустун төрт асимптоматикалык алып жүрүүчүсүн аныктап, Ухань четиндеги бир миллионго жакын жашоочуларга үйдө калууну буйруду, деп билдирет Би-Би-Синин чет элдик кызматы.

Цзянся районунун тургундарына жакынкы үч күн үйдө болууга буйрук берилди.

Эки күн мурун 12 миллион калкы бар Ухань шаарында кадимки тестирлөө учурунда эки асимптоматикалык учур аныкталган. Андан кийин, бул эки адамдан жуктургандар да табылды. Аларда дагы белгилери жок. Бийлик дароо карантиндик токтом чыгарды.

Катуу карантинге киргизилген биринчи шаар Ухань болгон. Анда коронавирус 2020-жылдын башында аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7682