БШК президенттикке талапкерлерди бугүнтөн баштап каттоого алат
RU

БШК президенттикке талапкерлерди бугүнтөн баштап каттоого алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнтөн баштап президенттикке талапкерлерди каттоого алат. Бул тууралуу БШК билдирди.

3-декабрда кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жыйынтыкталган. Ансыз талапкерлер шайлоого катыша алмак эмес.

Күбөлүктү алуусу, демек, расмий түрдө төмөнкү талапкерлердин каттоодон өтүүсү күтүлүүдө:

Аймен Касенов;

Арстанбек Абдылдаев;

Бабур Төлбаев;

Садыр Жапаров;

Адахан Мадумаров.

Буга чейин кол топтолгон баракчаларын текшерүүдөн Кубан Чороев өткөн жок. Ага кол топтолгон баракчаларды төлөө жана басып чыгаруунун эрежелерин бузду, деп айып коюлган. Ал эми Кубанычбек Токтосуновдо чогултулган колдордун ичинен 902си жараксыз деп табылган. Калган колдор жетишсиз болуп калган. Аларда БШКнын чечимине арызданып, сотко кайрылуу укуктары бар.

Шайлоонун өзү 10-январда өтөт. Кол топтолгон баракчаларды 20 талапкер тапшырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/77