Дженгонун кылмыштуу тобу мындан ары мыйзам бузбай турганын убада кылды
RU

Дженгонун кылмыштуу тобу мындан ары мыйзам бузбай турганын убада кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери кылмыштуу топтун бири менен профилкатикалык иштерди өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздуктун басама-сөз кызматы маалымдады.

Оперативдик-издөө иштеринин жүрүшүндө мурда соттолгон кылмышкер тобунун активдүү катышуучулары аныкталган, алар 1968-жылы туулган З.Ж., жана 1983-жылы туулган М.З. Аталган жарандар Кадыр Досонов (Дженго) жетектеген кылмыштуу топко киришет.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, З.Ж. жана М.З.ге карата профилактикалык иш чаралар көрүлгөн. Анын жүрүшүндө кылмышкерлер кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнөн баш тартышканын жарыялашып, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого убадасын беришкен, деп билдирүүдө жазылган.

Учурда УКМК кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн нейтрализациялоо боюнча ишин улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/78