Ошто Матраимовду колдоо жана "Азаттыкка" каршы митинги өтүп жатат
RU

Ошто Матраимовду колдоо жана "Азаттыкка" каршы митинги өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу борбордук аянтта бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Эл аны бошотуусун талап кылууда.

Ошондой эле акциянын катышуучулары "Азаттык" радиосуна да каршы чыгып, дегеле өкмөттүк эмес организациялардын жабылышын талап кылышты.

Митингге депутаттар Искендер Матраимов, Бактыбек Райымкулов, Мирлан Бакиров жана Матраимовдун баласы деп аталып жүргөн Мунарбек Сайпитдинов катышышты.

ММКлардын маалыматы боюнча, каршылык акциясына миңден көп адам келген.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-октябрында УКМК бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду камакка алган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Матраимов мамлекеттик бюджетке 2 млрд сом зыян келтирген.

Матраимов өз убагында тергөө менен келишимге келип, келтирген зыянды толук төлөп берүүнү убада кылган. Бул сөз менен Матраимов паракорчулук кылып, мамлекетке зыян алып келгенин мойнуна алган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/809