Акылбек Жапаров күч структураларынын ардагерлеринен кечирим сурады
RU

Акылбек Жапаров күч структураларынын ардагерлеринен кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан мурун, Жапаров Соцфонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети каралып жаткан жыйын учурунда, 2021-жылдын оор болушу күтүлүп жатса, демек бир катар реформаларды жүргүзүү керектигин билдирген. Тагыраак болгондо, күч структураларында иштегендердин пенсияларына кошумча төлөмдү алып салууну сунуштаган.

Жапаровдун айтымында, күч структураларынын кызматерлери пенсияга бир топ эрте чыгышат, жана башка кызматтарда иштөөнү уланта беришет, ошону менен айлык да алып, пенсия да алышат.

Эске салсак, мындай сунушту былтыр, Иса Өмүркулов да көтөрүп чыккан.

Күч структураларынын ардагерлери Жапаровдун демилгесине нааразы болуп, тегерек стол учурунда өздөрүнүн каршылыгын билдиришкен. Натыйжасында Жапаров кечирим суроого аргасыз болду.

"Мен күч структураларынын жана атайын кызматтардын ардагерлери менен жолуктум. Пенсияларды талкуу учурунда жеке пикиримди туура эмес билдирип алганым үчүн кечирим сурайм. Мен аларга бардыгын түшүндүрдүм", - деди ал өзүнүн видеокайрылуусунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/80