Садыр Жапаровдун адвокаты президентти Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады
RU

Садыр Жапаровдун адвокаты президентти Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун тарапташтары анын талапкерлигин Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштап жатышат. Мындай демилге менен экс-депутат Номанжан Аркабаев чыкты.

Аркабаевдин пикири боюнча, Жапаровдун жашоосундагы акыркы 15 жыл адамдын саясий эркиндиги жана коррупцияга каршы күрөшүү менен өттү. Ал анын өмүр баянын 1993-жылы Нобелдин тынчтык үчүн сыйлыгынын лауреаты болгон, ЮАРдын президенти Нельсон Мандела менен салыштырды.

"Бир кезде адам укугун коргоого өз өмүрүн арнаган, кийинчерээк ЮАРдын Президенти болуп шайланган Нельсон Манделага адам укугун коргоодогу кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Биз да, кыргыз коомчулугундагы прогрессивдүү күчтөр, мекенчил Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин Нобель сыйлыгына көрсөтүүгө неге болбосун? Ал Кыргызстандагы өзүнүн адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экендиги талашсыз", - деп Аркабаев Facebook баракчасына жазды.

Ал президенттин тарапташтарына бул иедяны ар тараптан колдоп иш жүзүнө ашырууга чакырды.

Белгилей кетсек, Номанжан Аркабаев Садыр Жапаровдун көп жылдан берки тарапташы. 2018-жылы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча анын адвокаты болгон.

Конституциялык кеңештин ишине катышып, мамлекеттин аныктамасында "светтик" деген сөздү алып салуу сунушу менен көпчүлүктүн эсинде калган. Анын пикири боюнча, бул сөз коомдун айрым катмарынынын кыжырына тиет.

Эске салсак, Нобелдин тынчтык сыйлыгы - бул жыл сайын Осло шаарындагы Нобель комитети тарабынан дүйнө жүзүндөгү тынчтыкты сактап калууга зор салымын кошкон инсандарга ыйгарылат. Устав боюнча, талапкерлерди парламенттин депутаттары жана түрдүу өлкөлөрдүн өкмөт мүчөлөрү сунуштай алышат. Андан тышкары университеттин профессорлору, дүйнөлүк жана тышкы саясат илимий изилдөө институттарынын жетекчилери, ошол премиянын ээлери жана Нобель комитетинин учурдагы жана мурунку мүчөлөрү.

Саясий лидерлердин талапкерлигин сунуштоо көп эле кезиге турган көрүнүш. Маселен, 2020-жылдын сентябрында "Президент" гезитинин баш-редактору Сергей Комков Владимир Путиндин талапкерлигин сунуштаган. Эске салсак, ал Путиндин ишенген адамдарынын бири. Путиндин талапкерлиги 2013-жылы да сунушталган, бирок РФтин президенти эмдигиче Нобель сыйлыгын ала элек.

Нобель сыйлыгына андан тышкары Алексей Навальный, АКШнын президенти Дональд Трамп, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ж.б. көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/814