Анжелика: "Өтө эле ызы-чуу кылып жибердиң" дешкенде бармагымды тиштеп калдым (видео)
RU

Анжелика: "Өтө эле ызы-чуу кылып жибердиң" дешкенде бармагымды тиштеп калдым (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg сайтынын бул жолку коногу ырчы, ишкер Анжелика Кайратова болду. Ал кайрымдуулук иштери, ишкердиги жана сын-пикирге кабылган посттору тууралуу ачык баарлашты.

Мурунку бийлик менен азыркы бийликтин ортосунда жөн гана курал болуп калдым

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын маселеси боюнча кайрылуум чоң талкуу жаратты. Анда мен президент биздин суранычыбызды угат дегем. Менин жанымда фонддун жетекчилери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин атын атаганы үчүн "Анжелика Атамбаевдин үйүн сурап жатат" деп жайылып кетти. Бул эч кандай актангандык эмес, болгону адамдар көңүл бөлүп суранычтын маанисин түшүнгөн жок. Мага карата айтылган сындарды кабыл алган жокмун. Себеби дал ошол үйдү сураган эмесмин. 6 жылдан бери балдар үчүн борборго ылайыктуу мекеме жок болуп жатат, мекеме бөлүп берсеңиздер деп келгем. Мен ачылыш жасап жаткан жокмун да. Тек гана колдонулбай жаткан имараттарды элдин пайдалануусуна берсе жакшы болмок деген оюм бар болчу. Көрсө, бул маселе каралып, ишке ашайын деп калыптыр. "Анжелика, сен өтө эле ызы-чуу кылып жибердиң, биз ансыз деле имараттарды ДЦП менен жабыркаган балдарга берет болчубуз" деп Социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен байланышка чыгышты. Ошондо "каап" деп бармагымды тиштеп калдым. Эгерде менин бийликте тааныштарым болгондо, "министрлик Анжеликага отчёт бериптир" дешип да чыкты, ошолорду мурда таанысам энелерди биринчи ошол жакка жибермекмин. Социалдык баракчама чыгаргандан кийин кеч болуп калды. Бул жерде мурунку менен азыркы бийликтин ортосунда жөн гана курал болуп, айтылбаган сөздөр мен аркылуу айтылып калды деп ойлойм.

Ырчы 3 миллион катталуучусу бар Instagram баракчасын сатып, каражатка жер тилкесин алуу ниети боюнча буларды айтты.

Анжелика ар бир катталуучусун бир сомго баалаптыр деп чыгышты. Бизнес-баракча деген бар, бизнес үчүн атайын сатып алгандар болот, бул нормалдуу көрүнүш. Катталуучусу көп баракча кимдир-бирөөгө керек болсо сатып, акчасын пайдаланууга эмнеге болбосун дедим. Бул баракчаны Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Дубайдан алабыз дегендер болду. Алар дем берген коучтар экен. Кыргызстандан да бир мырза "каржы багыты боюнча окутам, мен алайын" деди. Мен үчүн ал баракчаны ким, кандай адам башкарары маанилүү болду. Эч кимисинен акча алган эмесмин. Баракчаны тазалап беришим керек болчу, бир күндө 100 билдирүүнү өчүрүп, баракчага кирүүгө болбой калды. Азыр сатканга мүмкүн болбой калды.

Биздин Телеграм каналга катталып, бардык жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8329