Мамлекеттик желек күнүн Ош шаарында белгилешти. Фоторепортаж
RU

Мамлекеттик желек күнүн Ош шаарында белгилешти. Фоторепортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-мартта, Ош шаарынын борбордук аянтында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин күнүн белгилешти. Бул тууралуу түштүк борбор шаардын басма сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери Кыргызстандын гимнинин коштоосуна борбордук аянтка 15 метрлик желекти алып келишти. Андан кийин желек флагштокко көтөрүлдү.

Иш чарага Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарыдк кеңешинин төрагасы Жапаробек Ормонов, Ош облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ахмаджан Махаммадов, парламенттин депутаттары, Ош коомчулугунун өкүлдөрү, шаардыктар, аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/838