Сиз ишенесизби? Зулушев адмресурс колдонулса тиешелүү чаралар көрүлөт деп убада берди
RU

Сиз ишенесизби? Зулушев адмресурс колдонулса тиешелүү чаралар көрүлөт деп убада берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-декабрда Укук коргоочу, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, Кыргызстандын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын координациялык кеңеши учурунда, генпрокурор Курманкул Зулушев президенттик шайлоо таза өтүш керек деп айтты.

Анын айтымында, учурда президенттик атсалышуунун фавориттери бар, алар Адахан Мадумаров жана Садыр Жапаров. "Башкалардын атын атабай эле коеюн. Агитация учурунда мыйзамды сактоого чакырам. Эгер кимдир бирөөдө үгүт иштери жүрүп жаткан кезде мыйзам бузуулар же административдик ресурстун колдонулушу байкалса, кайсы кандидат болбосун, чара колдонобуз", - деди Зулушев.

Генпрокурор үгүт иштерине мугалимдерди жана башка мамлекеттик кызматкерлерди тартууга болбой турганын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/84