Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде түн тынч өттү
RU

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде түн тынч өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-сентябрь саат 08:30га карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашат.

22-сентябрга караган түн тынч өттү, эч кандай окуялар катталган жок.

Ошондой эле чек ара аймактарында жарылбай калган снаряддарды, миналарды, ок-дарыларды жана башка жарылуучу каражаттарды зыянсыздандыруу боюнча иштер улантылып жатканы айтылды.

"Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды басаңдатуу жана мамлекеттик чек ара сызыгынан чек араны туруктуу жайгаштыруу жерлерине кошумча күчтөрдү, каражаттарды чыгаруу боюнча макулдашуулардын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8546