Бактыбек Аманбаев ЕККУ Бишкектеги кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс менен жолугушту
RU

Бактыбек Аманбаев ЕККУ Бишкектеги кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр Бактыбек Аманбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту.

Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси ЕККУга мамлекетке көрсөтүп жаткан көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз кыйын учурда көрсөтүлүп жаткан көмөгүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Маанилүү эл аралык уюмдун бири катары өлкөнүн өнүгүүсү үчүн көмөк көрсөтүп жаткан ЕККУнун ролу жогору", - деди ал.

Бактыбек Аманбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарына кеңири токтолду.

"Учурда Өкмөт түзүмүн оптимизациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мамлекеттик башкаруунун жарандарга ачык-айкын жана отчеттуу тутумун түзүү максатында биз көз карандысыз эл аралык эксперттерди тартуу менен мамлекеттин бардык чөйрөсүндө кардиналдуу реформаларды жүргүзүүгө чечкиндүү кадам жасадык. Заман талабына жана жарандар күткөн натыйжалуу иштей турган аткаруу бийлигин түзүү боюнча талаптарга жооп берген мамлекеттик башкаруу тутумун уюштуруунун принциптүү жаңы ыкмаларын издөө багытына түштүк", - деди Өкмөт Аппаратынын жетекчиси.

Анын айтымында, Мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн, анын алкагында жумушчу топтор түзүлүп, көзкарандысыз эксперттер тартылган.

ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс өз кезегинде бир катар тармактардагы, анын ичинде укук коргоо органдарында, сот-укуктук жана административдик тутумдарында сапаттуу жана натыйжалуу реформаларды өткөрүүнүн манилүүлүгүн белгиледи.

Ал уюмдун мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/85