Баткенде эл кандай талап менен митингге чыкканын облус башчысы айтты
RU

Баткенде эл кандай талап менен митингге чыкканын облус башчысы айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жергиликтүү эл кандай талап менен митингге чыкканын түшүндүрдү.

"Чек ара тилкелерине жакын айылдардын тургундары учурда Кадамжай, Баткен райондорундагы, Баткен шаарындагы мектептерде, айрымдары жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө жашап жатышат. Алар эки күндөн бери облустук администрациянын имаратынын алдына келишип мени менен жолугушуп, талаптарды коюшту. Чек ара чырын токтотуу, тынчтыкты сактоо, калыбына келтирүү иштерин тездетүү, жаракат алгандарга жардам берүү талаптарын коюшуп, үйлөрү жараксыз болуп калгандар "убактылуу кайда жашайбыз?" деп сурашты. Мен тиешелүү жоопторду бердим", - дейт Алимбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8625