Текебаев Мирлан Бакировдун атын туура эмес айтып алды. Видео
RU

Текебаев Мирлан Бакировдун атын туура эмес айтып алды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-декабрда, "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып вице-спикер Мирлан Бакировдун атын туура эмес айтып алды.

Ал өзүнүн сөзүндө регламентти сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти.

Депутат сөзүн баштаганда, эле жаңылып алды. Текебаев Мирлан Бакировдун атасынын атынан Мирлан Исакбекович деп айтам деген.

Бир нече вариантарын айтып отуруп - Исакович, Исабекович акыры туурасын тапты - Исакбекович.

Текебаев кетирген катасы үчүн дароо кечирим сурады.

Эске салсак, бүгүн парламентте экинчи окууда референдум боюнча мыйзам талкууланды. Текебаев Жогорку Кеңештин күн тартибине референдум боюнча мыйзам долбоору киргенине таңкалганын билдирди. Анын айтымында биринчи жана экинчи окуунун ортосунда жок дегенде 10 күн өтүшү керек. Биринчи окууга кечэ эле добуш берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/86