Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларына кар түштү
RU

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларына кар түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-октябрда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына кар жаап, Бишкек-Ош, Талас-Тараз-Суусамыр жолдорунун аталган тилкелеринде унаалардын жүрүшү кыйындады. Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жолго чыкканда унаанын дөнгөлөктөрүн алмаштырууга чакырат.

Министрликтен дөңгөлөктөрдү алмаштыруу, чынжырларды, тиешелүү жабдууларды алып жүрүү, жолдо жүрүү эрежелерин жана аралыкты сактоону эскертет.

Учурда аталган тилкелерде музга каршы инерттүү материалдар чачылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8703