Атамбаев октябрь окуясын эскерип: 2 жыл өттү, Жапаровго ойлоно турган учур келди
RU

Атамбаев октябрь окуясын эскерип: 2 жыл өттү, Жапаровго ойлоно турган учур келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-президент Алмазбек Атамбаев октябрь окуяларынын 2 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Аабактагы экс-президент ошол күндөрдө болгон окуяларга тарыхчылар так баасын бериши зарыл деп белгиледи.

"5-6-октябрда эл мамлекеттин тарыхында үчүнчү жолу үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол берген президентти кулатты. Бирок андан аркы окуялар Март же Апрель революциялар учурундагыдай болгон эмес, тескеринче таптакыр башка нукка бурулган.

Элдин кыжырдануусунан жашынып жүргөн президент, митингдин лидерлеринин ортосундагы карама-каршылыктары менен пайдаланып, айрымдары менен ортомчулар аркылуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки күндөн кийин 8-октябрда бийликти кайрадан тартып алган.

Бир жумадан кийин, 15-октябрда президенттиктен расмий түрдө баш тартууга аргасыз болгону менен, ал чындыгында бийлик тизгинин Жапаров, Ташиев, Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берип элден өч алууга жетишти. Атайын кызматтар тарабынан жазылып, соцтармакка тараткан, уят сөздөрдү камтыган аудиотасмада муну Сооронбай Жээнбеков өзү да мойнуна алып жатат. Башкача айтканда, жеңиш элден жөн эле уурдалган", - дейт.

Атамбаев ошондогу парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас болгонун, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн Ала-Тоо аянтындагы карапайым эл резина окторунун, ууланган газдын жана кулак тундурган гранаталардын мөндүрүнө кантип туруштук бергени эсинде экенин айтат.

"Бийлик аларга каршы милицияны гана эмес, аскерлерди да жөнөтүп, желим окторду, ууланган газ снаряддарын жана жеңил үндүү гранаталарды колдонду. Натыйжада аянтта 19 жаштагы Үмүт каза болду, жүздөгөн балдар олуттуу жаракат алышты, ондогону көздөрүнөн ажырап, көрбөй калышты.

Мына ушулардын аркасы менен Садыр Жапаров абактан чыгып, президент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок ал жабыркаган жаштарга кандай мамиле кылды? Сыйлыктарды тапшырып жана дарыланууга жардам берүүнүн ордуна алардын көбү баш аламандыкка катышкан деп милиция тарабынан суракка тартылды.

Ал эми тескерисинче, азыркы бийлик бир эле Сооронбай Жээнбековду коргоп-колдоп, "ырымдаган" жок, анын бүтүндөй уурулар кланын, коррупционерлерди жаап-жашыргандарды, укук коргоо органдарында кылмыш иштерди ойлоп табып токугандарды коргоп-колдоп, "ырымдап" жатат", - деди азыркы бийликке карата.

Экс-президент белгилегендей, Садыр Жапаров эмнегедир президенттик кызматы үчүн Жээнбеков, Зулушев, Ташиевге милдеткермин деп сезет. Андан кийин гана элге карызмын деген ойдо экенин айтат.

"Алардан кийин гана элге карызмын деп эсептейт. Бул анын негизги катасы. Ал чын эле ошондо көптөгөн адамдардын үмүтү болгон жана интригаларсыз, ар кандай жабышчактарсыз эле өзү жеңишке жетип, президент боло алмак.

Балким президент чындап эле элдин жашоо турмушун жакшырткысы келип жаткандыр. Бирок, башында калпка, бир ууч саясатчыларга көз карандылыкка негизделген саясат ийгиликке алып бара албайт. Ошондуктан Садыр Жапаровдун эң эле келечектүү көрүнгөн долбоорлору менен иш-аракеттери да чанда гана жакшы аяктайт. Бир калп аны менен калган кирдин баарын сүйрөп келет. Чек ара, кадрлар, экономика, коррупционерлер жана башка көйгөйлөр боюнча бүдөмүк, күмөндүү чечимдер ишенимсиздикти жана көптөгөн мыйзам ченемдүү суроолорду жаратты. Керек болсо бийлик бетине кармап мактаган Кумтөр боюнча да коомдо көп суроолор пайда болуп жатат.

Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук системасы кыйрады. Өкмөттө да, мамлекетте да бирдиктүү чечим кабыл алуу борбору жок. Куралдуу күчтөрдү реформалоодон жана армияны курууга системалуу мамиледен артка чегинүү Баткенде көптөгөн курмандыктар менен коштолгон эки трагедияга алып келди. Биздин кошуналар чек араларыбызда эч качан мынчалык текебер болгон эмес!

Жаңы-эски бийлик чындыгында чыныгы коррупционерлерди колдоп, жада калса мыйзамдаштырууга жардам берип жатат. Бийликтеги бир ууч саясатчылар каалаганын кылат, бирок аларды сурай турган эч ким жок. Жоопкерчиликти толугу менен мойнума алам деген президент ыңгайсыз суроолордон качууга аргасыз. Анткени өлкөдөгү эң маанилүү кызматтарда жалпы ыплас сырлар, убадалар, милдеттенмелер менен байланган, эң оор кылмыштары үчүн да жазалана албай турган бир топ кол тийбес адамдар бар. Ошол эле учурда мамлекетте мыйзамдуулуктун сакталышына дал ушул адамдар жооптуу.

Мен ар дайым айтып келем, кайсыл мамлекетте болбосун, баш аламандыкка, революцияга негизди бийликтин өзүлөрү ортоңку аракеттери менен даярдап коёт. Бирок чындап эле кыйын мезгил босогодо турганда, бүткүл дүйнөлүк тартип кыйрап турганда, биздин өлкөгө чындап эле дагы бир революция керекпи? Бүткүл дүйнө катастрофалар болбосо, глобалдык соккулардын босогосунда турганда? Бирок бул интригалардын саясаты, көшөгө артындагы чечимдер, калп менен куулук, коркутуулар, бийликтин уялчаактыгы өлкөбүздү кайда алып барат?

Чынында эле чек ара маселелери боюнча шашылыш чечимдердин натыйжасында Кыргызстан Баткен облусунун бир бөлүгүнө түз кирүүдөн ажырап калышы мүмкүн.

Ал эми бийликти бөлүштүрүү системасынын кыйрашы, өлкөнүн экономикасы менен саясатынын эң орчундуу маселелерин көшөгө артында чечүү бизди кайда алып барат?

Президент Жапаровго акыры ойлоно турган учур келди. Эл алдындагы, өлкө алдындагы, тарых алдындагы жоопкерчилик жөнүндө.

Менимче, азыр да ал калыс, коомчулук үчүн түшүнүктүү чечимдерди, анын ичинде кадрдык чечимдерди кабыл алууга кеч эмес. Биринчиден азыркы кырдаалда калп айтуу жана куру мактануу таптакыр туура эмес. Президент Жапаров дагы деле кырдаалды оңдой алат.

Ошол эле учурда бийликтин 2020-жылдын октябрдагы окуялардан сабак алганын көрүшү жарандар үчүн өтө маанилүү. Өкмөттүн бардык чечимдери ачык жана чынчыл болсун. Жасалма эмес, реалдуу оппозиция мамлекетке керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек . Кол тийбес адамдар болбошу керек. Ошондо гана эл менен мамлекеттик бийликтин биримдиги тууралуу сөз жаралат. Ушундай болгондо гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана балдарыбыздын келечегине ишене алабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8725