Садыр Жапаров ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту
RU

Садыр Жапаров ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеӊип чыккандыгын белгиледи.

Садыр Жапаров азыр кайсы тармакта болбосун айымдардан чыккан лидерлер өзгөчөлөнүп, медицина, билим берүү, бизнес, укук коргоо тармактарын жандантып, өнүгүүгө өз салымдарын кошуп келе жаткандыгына токтолду.

Ал маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто жана башка тармактарда эл аралык деңгээлдеги албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдардын калыӊ катары өсүп чыккандыгын кошумчалады.

"Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин мээнетиңер көп, эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. "Манас" эпосунда, башка дастандарда элибиздин аялзатына болгон сый-урмат мамилеси таасын чагылдырылган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан", - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, алардын мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.

"Биз аял- врачтардын, медайымдардын, волонтерлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз, алар бул илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр, алдыбызга коюлган жаңылануу курсунун ишке ашырылышы кыргызстандык аялдардын түйшүгүн жеңилдетип, укугун андан ары коргойт деп ишенебиз. Биз сиздерди баалайбыз, сиздер менен сыймыктанабыз. Ушул жаркыраган Жаз майрамында сиздерге бекем ден- соолук, бакты-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм!", - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар - мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар сөз сүйлөп, Президенттин куттуктоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге өз тармактарындагы актуалдуу маселелерге учкай токтолушту. Президент Садыр Жапаров аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/881