Ноокатта тамеки эккен энелердин эрдиги көргөзмөгө коюлду
RU

Ноокатта тамеки эккен энелердин эрдиги көргөзмөгө коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунyн Ноокат райондук тарых музейинде "Тамеки таржымалы: Ноокаттык аялдардын күжүрмөн эмгеги" аттуу көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Көргөзмөдө жаш кезинен тамекиде иштеген аялдардын башынан кечирген тарыхый окуялары жана оор түйшүгү сүрөт жана видео материалдар аркылуу көрүүчүлөргө тартууланды.

Андан тышкары, Жаӊы-Ноокат, Зулпуев, Кара-Таш айылдарында жаш кезинен тамекиде иштеп, оор түйшүктү башынан өткөргөн ондон ашык апанын эскерүүлөрүнүн негизинде тартылган чакан тасма көрүүчүлөрдүн назарына коюлду.

Иш-чаранын негизги максаты – союз маалында тамеки талаасында тынбай иштеп, Ноокат району боюнча мамлекеттик планды чегине жеткире аткарган энелердин күжүрмөн эрдигин жаштарга үлгү катары көрсөтүү менен бирге райондун тарыхын даңазалоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, 1960–1980 жылдары Ноокат районунун колхозчулары тамеки өндүрүү боюнча башкалардан алдыга озуп, Кыргыз ССРинин алдыңкы наам сыйлыктары менен сыйланып, ал тургай "Социалисттик Эмгектин баатыры" деген мамлекеттик даражадагы жогорку сыйлыкка ээ болгон инсандар дагы болгондугу белгиленди.

Ал эми Ноокат району 1928-жылы 24-декабрда түзүлгөн. Тамеки район түптөлгөндөн баштап эле өстүрүлө баштаган.

Ноокат району тамекинин мекени катары белгилүү болуп, Кыргыз ССРинде тамеки өстүрүү боюнча алдыӊкы орунда турган. 1977-жылы түзүлгөн Ноокат райондук тарых музейинин экспозициясы аймактын байыркы убактан азыркы кезге чейинки тарыхын чагылдырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9149